Жаңылыктар
Акыркы күндөрү өлкөдө дээрлик күн сайын унаа кырсыгы катталып жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы күндөрү өлкөдө дээрлик күн сайын унаа кырсыгы катталып жатат

Соңку эки күндө эле жол кырсыктары 20дан ашуун адамдын өмүрүн алды. Ал эми жыл башынан бери 700гө чукул киши унаада кетип бара жатып ажал тапкан. Бул маселе өкмөттө, коопсуздук кеңешинде жана парламентте көтөрүлүп талкууланганы менен олуттуу өзгөрүүлөр байкалбайт. 

9-ноябрь күнү таң эрте Токмок шаарына жакын жерде 3 унаа кагышып бир адам каза болду. Дүйшөмбү күнү Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп беш эркек, эки аял жана жаш бала дароо мерт кеткен. Дагы экөө ооруканага жетип жан берген. Ушул эле күнү кечинде “Манас” аэропортуна багыт алган жолдо БМВ үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдык менен бакты сүзүп, төрт киши каза болуп, бирөө кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. 

Ал эми 5-ноябрда Бишкектеги унаа кырсыгы дагы беш кишинин өмүрүн алып кетти. Бирок мындай эреже бузуудан түшкөн каражатты жыйноо үчүн бардык жерге, булуң-бурчка чейин камера коюлушу керек. Өлкөдө “Коопсуз шаар” долбоору айтылганы менен ишке ашпай келет. Ал ортодо жол кырсыктары адам өмүрүн алып, жолдордо башаламандык өкүм сүрүүдө.