Жаңылыктар
Энергетика тармагы кышка даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетика тармагы кышка даяр

"Эртелеп кыш камылгасын көргөндүктөн кыштан чыгууга толук даярбыз", - дейт энергетиктер. Өз маалында республика боюнча оңдоо жумуштары жүргүзүлдү, эски тетиктер, жабдуулар, чубалгылар алмаштырылды, көмөк чордондор оңдолуп, жаңыланды. Келишимдин негизинде таш көмүр менен мазут Бишкек жана Ош жылуулук берүү борборлоруна өз маалында жеткирилип жатат. Адистер бул аракеттер калкты үзгүлтүксүз жылуулук жана жарык менен камсыздоого шарт түзөөрүн белгилейт.

Өлкөнүн энергетикалык системасы толугу менен кыштан чыгууга даяр. Ал үчүн энергетиктер эртелеп камылга көрүп, оңдоо жумуштары аягына чыкты. Токтогул суу сактагычында быйыл суу да мол, 19 миллиард кубометр топтолгон. Кыштан кыйналбай чыгып, жарык керектөөчүлөргө чектөөсүз берилет-дейт Айбек Калиев. 



Жарыкты бөлүштүрүү ишканаларына сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүүнү камсыздоо максатында өлкөнүн баардык ГЭСтеринде эскилиги жеткен жабдуулар алмаштырылып, тетиктер, чубалгылар алмаштыруу жаңыртылууда. Ошол эле учурда Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун биринчи фазасы боюнча жумуштар да кошо жүрүп жатат. 



Өз кезегинде улуттук электр түйүндөр ишканасы тарабынан да жаздан берки оңдоо иштери жыйынтыкталды. Анын жүрүшүндө жүздөгөн чакырым аба чубалгылары, кабелдер алмаштырылды, Бишкек жана Ош облусундагы эки көмөк чордон толук реконструкцияланды, калгандарынын болсо жабдуулары жаңыртылып, оңдолду. Жаңы трансформаторлор орнотулду.


Энергетика системасын кыска аралыкта модернизациялоо менен тармактагы мурда чечилбей келген бир катар көйгөйлөр жоюлду-дейт энергетиктер. Бул аракеттердин натыйжасында калкка сапаттуу электр жарыгы бериле баштады. Алардын баамында, эң башкысы, энергетикалык коопсуздук жана көз карандысыздык камсыздалды.