Жаңылыктар
Баткенде көмүр баасы өткөн жылга салыштырмалуу жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде көмүр баасы өткөн жылга салыштырмалуу жогорулады

Баткенде көмүр баасы өткөн жылга салыштырмалуу 3 сомго жогорулады. Учурда Самаркандек көмүрүнүн тоннасы 4 000 сомдон сатылса, Сүлүктү аймагынан казылган кара алтындын бир тоннасы 9 000 сомго чейин сатылууда. Кыш айлары баштала электе көтөрүлгөн баа жергиликтүү элди тынчсыздандырууда. Мындан улам, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүр баасын көзөмөлдөй баштады.


Ал эми Самаркандек аймагынан казылган кара алтындын тоннасы 4 000 сомдон сатылууда. Бирок көлөмү аз болуп, аймак элин камсыздоого жетишсиз. Жыл ичинде облус калкынын көмүр керектөөсү 130 миң тонна болсо, Самаркандек шахтыларынан 1000 тоннага жетпеген көмүр казылат. Ал эми Сүлүктүдөн жылына 230 миң тоннага чейин көмүр өндүрүлүп, анын 60%ы кошуна мамлекеттерге экспорттолот. 



Учурда облустагы социалдык мекемелерге көмүр тоннасы 3 500 сомдон жеткирилип, кышка даярдык 72%га жетти. Ал эми облустун калкы кышка 73%га даяр. Былтыркы жылы аба ырайы кескин өзгөргөн кезде көмүр баасы жогорулаган эле, быйыл да ошол абал кайталана турган болсо көмүр экспорттоо 2 же 3 айга токтотулат.