Жаңылыктар
Президент Ф.Могеринини “Достук” ордени менен сыйлады
Саясат
Президент Ф.Могеринини “Достук” ордени менен сыйлады

Президент Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту. 

Жолугушуунун алдында Алмазбек Атамбаев Могеринини Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуусун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлаган.

Могерини Европа биримдиги Кыргызстан менен кызматташууну күчөтүү максатында жаңы келишимди кабыл алууга даяр экендигин билдирди. 

“Акыркы жылдары Кыргызстанда шайлоо процессин жакшыртууга жана таза өткөрүүгө чечкиндүү иштер жасалды. Бул Кыргызстан үчүн гана эмес жалпы регион үчүн үлгү болуп калды. Европа биримдиги Кыргызстан менен жаңы келишим түзүүгө даяр”, — деди Могерини. 

Жолугушуу учурунда эки тараптуу келишимдерди ишке ашыруу жана ар кайсы тармакта кызматташуу маселелери талкууланды.