Жаңылыктар
Борбордо "Бишкек-2017" универсалдуу көргөзмө- жарманкеси өтүүдө
Айыл чарба
Борбордо "Бишкек-2017" универсалдуу көргөзмө- жарманкеси өтүүдө

Борбор калаада "Бишкек-2017" деп аталган универсалдуу көргөзмө- жарманкеси башталды. 

Анда Корея, Монголия, Россия сыңдуу өлкөлөр менен катар Кыргызстандын жеңил өнөр жай, курулуш, айыл чарба жана башка көптөгөн түрдүү продукциялары эл назарына сунушталды. 

9-13-ноябрга чейин уланган жарманкенин алкагында семинар жана конференциялар уюштурулуп, өндүрүшчүлөр үчүн жаңы кардар табууга шарт түзүлөт. Иш-чара шаар мэриясы жана өлкөнүн соода-өнөр жай палатасы тарабынан демилгеленген.

"Бишкек-2017" жарманкеси быйыл 25-ирет өткөрүлүп жатат. Анда өзүбүздүн продукциялардан сырткары 30 ашуун чет өлкөлүк фирмалардын товарлары коюлган. Өзүңүздөр көргөндөй жарманкеде сулуулукка кам көрүүдөн тарта курулушка керектүү бардык сапаттуу товарларды эл тандап көрө алат. 

Быйыл жылдагыдан айырмаланып келген меймандар арбын.