Жаңылыктар
Улан Карагулов Чүй облусуна ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды
Саясат
Улан Карагулов  Чүй облусуна ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды

Улан Карагулов Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. 

Ал буга чейин Кемин районунун акими болуп иштеген. 

Улан Карагулов 38 жашта. Кыргыз Улуттук университетинин экономика бөлүмүн аяктаган. 

Буга чейинки Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов өз арызынын негизинде кызматтан кетти.