Жаңылыктар
Бишкек шаардык мэрия: Ичүүчү таза сууну үнөмдүү колдонолу
Айыл чарба
Бишкек шаардык мэрия: Ичүүчү таза сууну үнөмдүү колдонолу

Бишкек шаардык мэриясы шаардыктарды ичүүчү таза сууну үнөмдүү колдонууга чакырат. 

"Бишкексууканал" ишканасынын маалыматы боюнча жыл сайын шаарга 114 млн чарчы метр суу берилсе анын жарымы максатсыз пайдаланылат. 

Айрым шаар тургундары ичүүчү сууну сугатка жана техникалык иштерге колдонушат. Бир сутка ичинде тамчылаган суудан 400 литр суу агынды сууга айланат. 

Калаа мэриясы суу менен камсыздоо боюнча "Бишкексууканал" ишканасынын 56-03-20 номуруна чалып кайрылса болоорун эскертет. Ошондой эле, 185 жана 1840 кыска номурларына чалып же ватсап аркылуу кайрылсаңыздар болот.