Жаңылыктар
10-ноябрь - Илим күнү
Билим
10-ноябрь - Илим күнү

10-ноябрь - Илим күнү. 

Премьер-министр Сапар Исаков илимпоздорду кесиптик майрамы менен куттуктады. Улуттук илимдер академиясында өткөн иш-чарага бийлик өкүлдөрү менен катар жогорку окуу жайларынын мугалимдери, окумуштуулар катышты. 

Иш-чарада Исаков “Таза коом” долбоорун ишке ашырууда өкмөткө илимий чөйрөдөн да жардам керек экенин айтты. Бул тармакты өнүктүрүү аткаруу бийлигинин “Жаңы доорго 40 кадам” программасында камтылган. 

Эскерте кетсек, илимпоздордун бүткүл дүйнөлүк майрамы 2002-жылдан бери белгиленип келет.


“Биз өкмөт өз программабызда “Из калтыруучу илим” деп атап жатабыз. Себеби, илим жакшылыктарды жаратат. Жаңы, заманбап күндөрдү эске алып иш алып барышыбыз керек. Премьер-министр катары суранып кетет элем “Таза Коом” долбооруна көңүл бурсак. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн сиздерден чоң жардам керек, илимий изилдөөлөр керек.”-деп белгиледи өз сөзүндө премьер-министр.