Жаңылыктар
Президент Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды
Саясат
Президент Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы, Президенттин аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына «Таза коом. Жаңы доор» 2018-2040-жылдарга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоору талкуулана турган туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынына карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берилди. 

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдардагы жакшы жетишкендиктер Кыргызстандын алдына жер-жерлерде санариптик технологияларды киргизүүнүн жана өздөштүрүүнүн, стратегиялык пландаштырууга программалык ыкма колдонуунун, ошондой эле өлкөбүз салыштырмалуу артыкчылыкка ээ болгон экономикабыздын тармактарында прогрессивдүү адистешүүнүн аркасы менен аткаруу мүмкүн болгон экономиканы өнүктүрүү боюнча амбициялуу милдеттерди коюп жаткандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы 2040-жылдары Кыргызстан жашаганга коопсуз жана эң ыңгайлуу өлкөгө айланууга тийиш, стратегиялык өнүктүрүүнүн башкы максаты адам болгондуктан, биз кайталангыс маданиятыбыз бар өлкө болууга тийиш экендигибизди айтты.