Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чектешкен аймакта жаңы чек ара тозоту пайдаланууга берилди
Чек ара
Кыргыз-тажик чектешкен аймакта жаңы чек ара тозоту пайдаланууга берилди

Баткен районунун кыргыз-тажик чектешкен аймагында жаңыдан курулган чек ара тозоту пайдаланууга берилди. 

Ыңгайлуу шарты бар тозотто чек арачыларга эки кабаттан турган 8 батирлүү үйдүн ачкычы тапшырылды. Мындагы аскерлер Баткен районунун Тажикстандын Исфара району менен чектешкен эң татаал аймагын кайтарышат.

Чек ара заставасы бир нече жыл мурда кыргыз-тажик чектешкен аймактардагы келишпестиктерден улам салына баштаган. 

Учурда Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш аймагында ушундай эле тозот курулууда.

“Баткен окуясынан кийин кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасына заставаларды коюшубуз керек болгон. Ошол убакта бир да шартыбыз жок эле. Колдонулбай калган эски имараттарда чек арачылар жашап, кызмат өтөп келген. Акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстандын бардык аймактарында жаңы заставалар, чек ара бөлүктөр, посттор, өткөрүү жайлар курулду. Бул куралдуу күчтөрүнө камкордук”,-деп билдирди Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшембиев.