Жаңылыктар
Йеменден Сауд Аравияга "кат" - баңги затын ташыган аткезчилик күчөдү
Дүйнө
Йеменден Сауд Аравияга "кат" - баңги затын  ташыган аткезчилик күчөдү

Йеменден  Сауд   Аравияга “кат”  деген баңги  затын ташыган аткезчилик күчөп жаткан  учуру” –деген макаланы Йемендин гезити жазып чыкты. “Кат” баңги заттын  чайнай турган бир түрү. Айрым маалыматтар боюнча  Йеменде “кат” баңгизатына берилген эркектер 90 пайыз жана аялдар 25 пайызды  түзөт. Жогоруда айтылган баңги затты Араб жарым аралы жана Чыгыш Африканын калкынын арасында  колдонуу   өөн көрүнүш эмес. Себеби ушул баңги затты булар алкоголдук ичимдиктин ордуна пайдаланат. Бирок Сауд Аравияда мындай баңги затты пайдаланууга тыюу салынган. 

Йемендин  "Almawqea Post басылмасы” Йеменден Сауд Аравияга кат - баңги затын  ташыган аткезчилик күчөп жаткан учуру”  деген  макаласын жарыялады. Йемендик кесиптештердин айтымында эки жыл мурда Сауд Аравия Йемен менен чектеш Харад жана Меди аймагын толук жаап салган. Анткени жогоруда сөз болгон эки чөлкөм  согуш талаасына айланды. Бирок буга карабастан “кат” деген баңгизатты ташуу аткезчилик күчөп жаткан учуру. Мындай аткезчилик Сауд Аравия үчүн чоң коркунуч жаратууда. Ал эми Йемендин кээ бир тургундары үчүн Сауд Аравияга баңги зат ташып  аткезчилик кылып акча табуунун бир жолу. Харад  жана  Меди   аймактарында согуш болуп жаткандыктан, аткезчиликтин бул жолу буулуп калды. 

Ошондуктан аткезчилер   Сауд  Аравияга   чектеш  Йемендин  Саада  чөлкөмү аркылуу  “кат” деген баңги затты ташууда. Чек арада мина коюлганына карабастан күн сайын жаш йемендик аткезчилер өмүрүн тобокелге салып, баңгизатты Сауд Аравияга ташып жатканын байкаса болот- деп баса белгилейт макаласында  йемендик гезит. Анын көз карашында Йемендин Хаджа жана  Саада аймагындагы жаш аткезчилердин арасында атаандыштык күчөөдө. Себеби өлкөдө жаштардын көпчүлүгү жумушсуз. Анын үстүнө эки жылдан бери мамлекетте   жарандык согуш жүрүп жатат. Дал ушул себептен улам  аткезчилердин катарына  жаш муундун кошулганы таң калыштуу эмес. Күнүгө Сауд Аравия менен чектеш Аль Сабит районуна “кат” деп аталган баңги зат жүктөлгөн  100 автомашина келет.  

Аны атайын  өстүрүлгөн фермалардан уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары  ташыйт. Бул жерден жергиликтүү аткезчилер менен сүйлөшүп, Сауд Аравияга мыйзамсыз өткөрөт. Мындай операциялар күн сайын болуп,  60 пайызы ишке ашат. Эгерде йемендик аткезчи Сауд Аравияга баңгизатты жеткизсе, анда 10 күндүн  ичинде 10 миң саудиялык риал киреше табат. Белгилей кетчү жагдай аткезчилер сырын бирөөгө эч качан билгизбегенге умтулат. Ошол эле учурда алар эр жүрөк, айлакер, шамдагай жана достукту баалаган адамдар экенин моюнга алыш керек. Себеби булар биринин сырын бирөөгө айтып койсо, анда өлүм жазасына тартылат. Ондогон йемендик  аткезчилерди   Сауд Аравиялык чек арачылары атып салган учурлар катталган – деп  йемендик басылма макаласын жыйынтыктайт.

Уктурууну даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Бакыт Тапаев,  Биринчи Радио

.