Жаңылыктар
Нарында кышка карата электр энергия маселеси кандай чечилүүдө?
Аймак
Нарында кышка карата электр энергия маселеси кандай чечилүүдө?

Азырынча Нарын өрөөнүнө кылычын сүйрөп кыш ызгаары келе элек. Бирок былтыркы кышты эске алсак бир түндө белчеден кар жаап коюшу мүмкүн. 

Андыктан Нарын эли жалгыз эле электр энергиясын карап отура бербей, өз алдынча кыш камылгасын көрүп жаткан учуру.

Энергетиктердин айтымында быйылкы кышка карата камылга иштери жакында эле аяктады. 

Азыр облустагы ар бир райондор кошумча көмөк чордондор менен камсыз болушту. Эгерде ал да жетишпей калса борбордук кампадан бөлуштүрүп алса болот.

Эске сала кетсек Нарын облусунда токсон сегиз жаңы конуштар бар. 

Аларды толук электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн эки жүз миллион сомдон ашык каражат керек. Энергетиктер буга каражат бөлүп, жабдыктарды орното албайт. Бул энергетиктердин эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн түздөн түз милдети.


“Тилеке каршы биздин көпчүлүк айыл өкмөттөр дотацияда отургандыктан көмөк чордон жана башка жабдык орнотууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бирок айрым айыл өкмөттөр каржы булактарын таап жатышат, аларга биз жардам берип жабдыктарды бекер орнотуп берип жатабыз. 

Андан сырткары биз тараптан инвестиция тартуу, демөөрчүлөрдү таап иш алып барып жатабыз. Алардын жардамы менен мына он эки көмөк чордону келе жатат.Ал жабдыктар мына ноябрь айында орнотулганы турат.”-деп билдирди “Чыгышэлектр” ишканасынын Нарын облустук филиалынын техникалык директору Керим Насыров.

Белгилей кетсек Нарын облусунда кыш айлары алты, жети айга созулат. Андыктан кандай болбосун кышка камылганы жакшылап көрүү керек.