Жаңылыктар
Патрулдук милиция жоюлуп, анын ордуна Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы түзүлөт
Кырсык
Патрулдук милиция жоюлуп, анын ордуна Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы түзүлөт

Соңку күндөрү унаа жолдорунда биринин артынан экинчиси кайталанып жаткан кырсыктар боюнча премьер-министр Сапар Исаков жыйын өткөрдү. Министрлер кабинетинин башчысы эң жакынкы убакта көйгөйдүн себебин таап, өкмөттүн токтомун аткарбагандарды жоопко тартууга чакырды. 

Жол кырсыктары тууралуу сүйлөгөн Сапар Исаков үрөй учурган сандарды айтты. Ноябрдын биринен тогузуна чейин эле республикада 208 жол кырсыгы болуп, 42 адамдын өмүрү кыйылган. Дагы 321 адам авариядан денесине ар кандай жаракаттарды алышкан. Ушундан улам, премьер-министр "Эмне болуп жатат?",- деген суроо коюп,тез арада абалга талдоо жүргүзүүнү талап кылды.  

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Патрулдук милиция жоюлуп, ордуна Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгы түзүлүп, кызматкерлердин штаттык бирдиги көбөйтүлөт. Эми башкармалыктын жетекчилиги кызматкерлерди өз ишин мыкты билгендерди сынактын жыйынтыгы менен кабыл алышы керек. Ошондой эле, "Кызматкерлердин негизги милдети болуп, ар бир бөлүнгөн аймактагы коопсуздукка жеке жоопкерчилик жүктөлүшү шарт", - деди Сапар Исаков.

Мындан сырткары, айдоочулук күбөлүк берүүнү катаалдатуу сунушу берилди. Бул максатта, атайын маалымат базасы жана сынак тапшыруучу бирдиктүү тестирлөө борбору түзүлөт. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтуусунда, республикада 223 авто мектеп иштейт. Бирок алардын көбү ойдогудай эмес. Ушундан улам министрге өлкөдөгү бардык унаамектептердин ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берилди. 

Жарандар айдоочулук күбөлүк алаардан мурда тест тапшырышы керек. Кимге тапшырманын кайсыл варианты келээрин алдын ала билинбеши үчүн, алардын саны жок эле дегенде 500 түрү болушу абзел. Жана аны тез арада жасоо керек. Тесттен өткөндөр күбөлүктү бир жайдан гана алуусу шарт. Андай борборлорду Бишкекте, Ошто жана Жалал-Абадда курууга болот - деди министрлер кабинетинин жетекчиси.