Жаңылыктар
Күйүүчү май кымбаттабайт
Экономика
Күйүүчү май кымбаттабайт

9-ноябрда "Бир Бол" фракциясынын депутаты Исхак Пирматов парламентте билдирүү жасап, 19-октябрдан бери өлкөгө бир дагы вагон күйүүчү май кирбей турганын айтты. Мындан улам дизель майынын эки жумалык гана кору калганын, жакын арада күйүүчү май кымбатташы мүмкүн экендигин белгилеген.

Эл өкүлү белгилеген 19-октябрдан бери, Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашуун дизель майы жана 14 миң тонна бензин келген. Бул көрсөткүчтөрдө темир жол аркылуу гана келген күйүүчү майлардын көлөмү. 

Мындан сырткары өлкөгө унаа менен дагы күйүүчү майлар ташылып келет. Энергетика, өнөр жай жана кен байлыктарды иштетүү боюнча комитет өлкөдө күйүүчү майдын кору жакынкы айларга жетишерлик экенин бекемдөөдө. 

9-ноябрга карата күйүүчү майдын көлөмү АЗС менен мунай базасында, 24700 тонна бензин жана 18700 миң тонна дизель майы бар. Мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводунда:

- сактоодо турган сырье - 74 миң тонна болсо дагы 34 тоннасы жолдо; 

- мындан сырткары Бензин - 3778 тонна;

- дизель майы - 1861 тонна.

Мындан башка нефтетрейдерлерде өздөрүнүн корлору бар. Ал эми 7-ноябрдан тартып Орусиядан Кыргызстанга бажы төлөмсүз бензин ташып келүү калыбына келди. Учурда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети Орусиянын Энергетика министрлиги менен дизелди дагы бажы төлөмсүз өткөрүүнү калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ал ортодо, серепчилер күйүүчү майдын баасы эки аптага гана жетет деген билдирүүлөр, жеке кызыкчылыктарга байланыштуу экендигин айтууда.

Кыргызстандын май куйуучу жайларында сентябрь айынан тарта күйүүчү майлардын баасы 3 пайызга кымбаттаган. Мындай абал Орусиянын май иштетүүчү заводдорундагы ремонт иштерине байланыштуу жана күйүүчү-майлоочу майларга суроо-талаптын жогору болуусу менен шартталууда. Анткен менен нефтетрейдерлер өлкөнү үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыздоону улантууда. 

Акыркы айда бензиндин баасы орто эсеп менен бир, бир жарым сомго кымбаттады. Мисалы, Бишкекте АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 41-41,5 сомго чыкты. Ал эми АИ-92 - 39-40 сом, АИ-80 - 34-35, дизелдик күйүүчү май - 36-37,2 сомдон сатылууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан сатып алат. Ал темир жол менен Казакстандын аймагы аркылуу ташылып келет.