Жаңылыктар
Самбо боюнча дүйнө чемпионатында Б.Раимкул уулу алтын медаль тагынды
Спорт
Самбо боюнча дүйнө чемпионатында Б.Раимкул уулу алтын медаль тагынды

Сочиде өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Бекназар Раимкул уулу алтын медаль тагынды. Бул туурасында спортчунун машыктыруучусу Бакыт Жусупов билдирди.

Аталган чемпионат 9-ноябрда башталып, 13-ноябрда аяктайт. Раимкул уулу 74 килограмм салмак категориясында жоокердик самбо боюнча күч сынашкан. 

Спортчу биринчи беттешинде түркмөнстандык балбанга кез келген, экинчи айлампада өзбекстандык, үчүнчү беттеште Мароккодон келген спортчу менен чыгып жеңишти камсыздаган. Ал эми финалда россиялык Байзет Хатхокуну утуп алган. 

Мындан сырткары, дагы бир кыргызстандык Аманат Алтынбек уулу үчүнчү орунга татыктуу болгон.

Эске салсак, Бекназар Раимкул уулу буга чейин Ташкенте жана Ашхабадда өткөн Азия чемпионатында баш байгени багындырып, эки жолку Азия чемпиону аталган. 

Самбо боюнча дүйнө чемпионатына 90 мамлекеттен 800дөй спортчу катышып жатат. Жалпы жонунан медалдын 27 топтому ойнотулат.