Жаңылыктар
Турак үйдүн үстүнө бетон плитасы түшүп бир адам каза болду
Кырсык
Турак үйдүн үстүнө бетон плитасы түшүп бир адам каза болду

Сокулук районун Новопавловка айылында турак үйдүн үстүнө бетон плитасы түшүп кетип беш адам жабыркап, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, курулуп жаткан турак жайдын үстүнө автокран плита коюп жаткан учурда тросс үзүлүп кетип, анын жанында жайгашкан үйдү басып калган. 

10-ноябрь күнү кечки саат 18.55де катталган кырсыктын кесепетинен 5 адам — 1 эркек киши, 3 аял, 1 жаш кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Ал эми, оор жаракат алган аял окуя болгон жерде көз жумган.