Жаңылыктар
ЕЭК кеңешинин Москвада кезектеги жыйыны өттү
Экономика
ЕЭК кеңешинин Москвада кезектеги жыйыны өттү

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов Евразиялык экономикалык комиссиясынын кеңешинин Москва шаарында өткөн кезектеги жыйынына катышты.

 Жыйындын жүрүшүндө ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү евразиялык интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн интеграциялык аракеттешүүсүнүн кеңири чөйрөсүн камтыган 20 маселени талкуулады. 

Атап айтсак, 2020-жылдын 1-январына чейин убактылуу киргизилчү турбореактивдүү, ортомагистралдык жарандык жүргүнчүлөр учактарын бажы алымдарынан жана салыктардан сегиз жылга толук шартуу түрдө бошотуу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү жамааттык негизде автордук жана чектеш укуктарды башкаруу тартиби тууралуу келишимге кол койду жана ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрдүн жаныбарлардын өзгөчө кооптуу, карантиндик жана жугуштуу ооруларынын алдын алуу, дарт аныктоо, токтотуу, жок кылууда өз-ара аракеттешүү тартибин бекитти. 

Ошондой эле, ЕЭК Кеңешинде ветеринардык көзөмөлдү жүргүзүүдө лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүүнү уюштуруунун бирдиктүү эрежесин бекитти.