Жаңылыктар
Бишкектен жоголуп, Оштон табылган кыздар ата-энелерине өткөрүлүп берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектен жоголуп, Оштон табылган кыздар ата-энелерине өткөрүлүп берилди

9-ноябрда Бишкекте дайынсыз жоголуп, эки күндөн кийин Оштон табылган эки окуучу кызды ата-энелери үйлөрүнө алып кетти. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдын басма сөз кызматынан билдирди.

Милиция кыздар Ош шаарындагы Ош нуру мейманканасында экени тууралуу маалымат алган. Кыздардын ден-соолугу жайында экен, тартип сакчыларынын суроолоруна жооп берген соң, ата-энелерине өткөрүлүп берилди. 

Паспорту жок кыздардын кандайча Оштогу мейманканада орун алып калганын ички иштер органдары иликтей турганын кошумчалады. Алдын ала маалыматтар боюнча окуучу кыздар ата-энелери аларды көп уруша турганын айтышкан. Муну кыздардын биринин туугандары да мойнуна алган.

Эске салсак,Бишкектеги №28 мектепте окуган 13 жаштагы Сезим Тургуналиева менен 12 жаштагы Азиза Мухамед кызы 9-ноябрда үйдөн чыккан боюнча дайынсыз кеткен. Алардын телефондору өчүрүлүп, мугалимдери кыздар ал күнү мектепке келбегенин билдиришкен. Окуучулар 11-ноябрда Оштон табылган.