Жаңылыктар
КТРК Спорт каналы Кыргызстан-Тажикстан беттешин түз алып көрсөтөт
Спорт
КТРК Спорт каналы Кыргызстан-Тажикстан беттешин түз алып көрсөтөт

29-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын футболчуларынын ортосунда боло турган таймашты КТРКнын спорт каналы түз алып көрсөтөт. Ал эми бүгүн башталган Кыргызстандагы топ лиганын оюндары эртеңден тартып, өз убагында толугу менен спорт сүйүүчүлөргө көрсөтүлө баштайт. Мындай макулдашууга бүгүн КТРК менен футбол лигасынын жетекчилиги кол коюшту. 

Белгилей кетсек, өнүккөн өлкөлөрдө дагы спорт каналын жакшы контент менен камсыз кылуу бир топ түйшүктү жана бир топ техникалык ресурстарды талап кылаары белгилүү. Ал эми, КТРК аркылуу 24 саат бою спорт каналынын обого чыгышы, спорт сүйүүчүлөрүнө жана спорттун жаңы муундарынын чыгышына чоң салым кошот.

 Мындай пикирин билдирген КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков, Кыргызстандын аймагында өтүүчү топ лигалардын мелдешине көбүрөөк убакыт бөлүнөөрүн билдирди. Буга өлкөдөгү спорт сүйүүчүлөр менен телекөрүүчүлөрдөн түшкөн суранычтар негиз болгон. Анткени, буга чейин спорт каналы берүүнүн 30% ички спорттук иш-чаралар, ал эми калган 70% дүйнөлүк спорт берүүлөр менен жаап келген.