Жаңылыктар
Батыш менен чыгыштын алакасы
Экономика
Батыш менен чыгыштын алакасы

21-22-апрель күндөрү Казакстандын Алматы шаарында “Бизнес менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү, батыш менен чыгыштын алакасы" деп аталган 3-азия-европалык конгресс өтөт. Анын алкагында Европа, Кытай сыяктуу ири мамлекеттердин ишкерлери менен Колумбия, Мюнхен сыяктуу эл аралык университеттердин окутуучулары жолугат. 

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Константин Шамбер ырастагандай, бүгүнкү күндө Борбор Азиянын ЖОЖдору менен бизнес-структура кызматташпайт. Бул өз кезегинде өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып келет. 

Ошол эле учурда, Европа өлкөлөрүндөгү билим берүү уюмдары менен ишкерлердин алакасы бекем. Андыктан форумдун алкагында, тараптардын тажрыйба алмашуусуна чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Белгилей кетсек, конгресс 2012-жылы немец компаниялары тарабынан уюштурулуп, форум биринчи жолу 2013-жылы Пекинде, экинчиси Шанхайда өткөн. Бул жолу негизинен билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү, жашыл экономика боюнча сөз болот. Маалым болгондой, бул иш-чарага чет элдик инвесторлордун да катышуусу күтүлүүдө.