Жаңылыктар
Ысык-Көлдө катталган жол кырсыктан 3 адам каза болду
Кырсык
Ысык-Көлдө катталган жол кырсыктан 3 адам каза болду

Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда болгон кырсыктан, үч адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык 13-ноябрда эртең мененки саат 7лер чамасында болгон. "BMW" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, жол жээгиндеги даракты сүзгөн. 

Натыйжада унаанын ичиндеги үч адам каза болду. Учурда алардын ким экени такталууда. 

Окуя болгон жерге барган ӨКМ куткаруучулары каза болгондорду унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.