Жаңылыктар
С.Исаков америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстоун менен жолугушту
Саясат
С.Исаков америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстоун менен жолугушту

Премьер-министр Сапар Исаков америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстоун менен жолугушту. 

Өкмөт башчысы Томас Файерстоунга 2016-жылдын март айында АКШда жана 2017-жылдын июль айында Кыргызстанда өткөн кыргыз-америкалык бизнес-форумдарын уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Жолугушууда биргелешкен иш-чараларды пландаштыруу жана уюштуруу маселелери талкууланды. Премьер-министр энергетика жана маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана аталган тармактарга америкалык инвесторлорду тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү баскыч катары кыргыз жана америкалык ишкерлер ортосундагы байланышты орнотуу эсептелет деп табышты. 

Өз кезегинде Томас Файерстоун Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо менен куттуктап, шайлоо өнөктүгүндө жогорку технологиялардын пайдаланылышына мыкты деген баасын берди. 

Ошондой эле ишкерлер кеңешинин төрагасы келечекте жемиштүү кызматташтык болот деген ишенимин билдирди.