Жаңылыктар
Пайда бербеген мамлекеттик ишканаларды кыскартуу же кайрадан түзүү кандай жыйынтыгын берди?
Экономика
Пайда бербеген мамлекеттик ишканаларды кыскартуу же кайрадан түзүү кандай жыйынтыгын берди?

Өлкөдөгү пайда бербеген мамлекеттик ишканаларды кыскартуу же кайрадан түзүү жумуштарынын алгачкы жыйынтыктары бар. 37 мамлекеттик ишкана кайра түзүлдү, 90 мамлекеттик ишкана мамлекеттик мекеме болуп өзгөрдү жана 5 мамлекеттик ишкана жоюлду. Анын натыйжасында акыркы тогуз айда өлкөнүн он тогуз акционердик коому ишин киреше менен жыйынтыктап отурат. Андан жыл башынан бери 1 миллиард 600 миң сомдон ашык пайда түшкөн.

Жыл башынан бери мамлекеттик ишканаларды кыскартуу же кайрадан түзүү жумуштарынын алгачкы натыйжалары жаман эмес. Миңден ашык мамлекеттик ишканалар текшерилди, инвентаризациялоо өткөрүлдү, канча ишкана каржылык-чарбалык ишмердүүлүк жүргүзөөрү такталды жана натыйжа бербеген ишканалар бириктирилди.  

Бул “Семетей” мейманканасы. Былтыр мейманканадан 59 миң сом киреше болгон, ал эми имараттын биринчи кабатындагы жайкы кафеден былтыркы жылы 209 миң сомдук пайда түшкөн. Айырмачылык бар экенин айткан Болсунбек Казаков жайкы кафени ижарага берүүгө эки жолу аукцион өткөрүлүп, экинчисинде 3 жылга 210 миң сомго ижарага берилгенин билдирди. Ал эми “Военторг” мамлекеттик ишканасынын объектисинин ижарасы 5 миллион 400 миң сом. Былтыр бул объектинин ижара акысы болгону 400 миң сом болгон. Ошол эле учурда текшерүү учурунда айрым мамлекеттик ишканаларда мамлекеттик мүлк менен кеңешпей туруп жең ичинен ижарага берген фактылар катталган. Казаков бул окуялар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. 

Жакынкы убакта мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд электрондук соода аянтчасын ишке киргизгени турат. “Таза Коом” программасынын алкагында иштей турган бул жаңы демилгени жүзөгө ашыруу аракеттери көрүлүп жатат. Эгер он-лайн ыргактагы электрондук соода аянтчасы иштей баштаса, баардык мамлекеттик мүлк ижарага жана сатууга чыгарууга коюлат. Бул өз кезегинде ачыктыкты камсыздап, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коёт. Муну менен катар Болсунбек Казаков “Мегаком” компаниясын сатып алуу боюнча Орусиялык ишкер Елена Нагорнаядан башка дагы бир катар компаниялар кайрылганын билдирди. 

Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана каттоого алуу боюнча жумуштар 1-декабрга чейин улантылат. 3 баскычтан турган жумуштар толук аягына чыгарылгандан кийин мамлекеттик мүлктүн баары бирдиктүү маалымат базасына киргизилет. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тиешелүү жумуштарынан соң учурда 104 мамлекеттик ишкана иштеп жатканын билдирди.