Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин сөөгү жерге берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин сөөгү жерге берилди

Бөйрөк оорусунан улам 40 жаш курагында каза болгон Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин сөөгү жерге берилди. Эки жолку чакырылышта эл өкүлү болуп шайланып келген жаш саясатчы өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон. Ал бир катар мыйзам долбоорлордун авторунун бири жана кичи мекени болгон Ысык-Көл жергесине да колдоо көрсөткөн. 

Маркумду узатуу зыйнаты Бишкектин Көк-Жар конушундагы өз үйүндө өттү. 40 жашында өмүрү кыйылган депутатты акыркы сапарга узатууга өкмөт башчы Сапар Исаков жана башка саясатчылар, коомдук ишмерлер катышты. Парламент төрагасы коштошуп жатып, депутаттын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, анын буга чейин жасаган жумуштары унутулбасын белгилеп өттү.

11-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү узак оорудан кийин көз жумду. Улан Чолпонбаев 1977-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Бала чагы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында өткөн. 1997-жылы жогорку окуу жайды аяктап, ишкерлик менен алектенип жүрүп 2010-жылы саясатка аттанган. Күтүүсүз көз жумган саясатчыны жакындары жоктоп турат.

Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты Улан Чолпонбаевдин саясатта орду бар. Ал "Жер казынасын пайдалануу", "Энергетика", "Жарандык Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү" сыяктуу бир катар мыйзам долбоорлорунун авторлорунун бири. Эл өкүлү Каракол шаарында "Табылга" аттуу жаштар кыймылын түптөгөн. Ошондой эле Монголиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу, Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясынын ардактуу президенти болгон. 

Улан Чолпонбаев мамлекеттик иш-чараларга да активдүү катышып келген. “Адвер групп” рекламалык агенттигин түптөгөн эл өкүлү эки жолу өткөн Көчмөндөр оюндарын жарнама кылып салым кошкон. Анын коомдогу орду бааланып сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. 