Жаңылыктар
Үрөй учурган жол кырсыктарын алдын алуу айдоочулук күбөлүктү катуу көзөмөлгө алуудан башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Үрөй учурган жол кырсыктарын алдын алуу айдоочулук күбөлүктү катуу көзөмөлгө алуудан башталат

Акыркы күндөрү алыс жолго сапарга чыгып, ажал тапкандар арбыды. Статистикалык маалыматка таянсак, 2017-жылдын 10 айында эле өлкө боюнча 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 700дөй адам мерт кеткен. Өкмөт үрөй учурган мындай кырдаалды токтотуу үчүн жол кырсыгын алдын алуунун түркүн аргасын издөөдө. Ал үчүн алгач айдоочулук күбөлүктү алуудан баштоо керек дешет.

Кыял Кудакеева айдоочулук күбөлүк алайын деп 15 күндөн бери унаамектепке келип окуп, үйрөнүп жатат. Айтымында азырынча эч кандай тоскоолдук деле жок, унаанын ар бир тетигин кызыгуу менен үйрөнүп, көңүлүнө бек сактап калууда. 

Нурмухамед Кариповдун унаа мектебинде сабак берип иштегенине 40 жылдан ашты. Жума сайын өз окуучуларын уядан учурган мугалим, баардык эле учурда жакшы үйрөттүм деп айта албайт. Себеби толук үйрөнүп кетти делген менен айрым бүтүрүүчүлөр кайра келип, кайта баштан даярданган учурлар да болот.

Айдоочулук күбөлүктү автомектептердин босогосун аттабай сатып алгандар менен эптеп көз көрсөтүп коюп эле акча менен сабагын бүтүргөндөрдү көп издебей четтен эле тапса болот. Атын атагысы келбеген айым, бардык жерде акча маселеси биринчи туруп калганын айтат. Себеби автомектептен окуп бүткөн учурда деле күбөлүктү алуу үчүн бирге окуган 30 окуучу акча чогултуп беришкен.

Мунун арты кырсыктардын көбөйүүсүн шарттап жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан бир ай мурда транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти күбөлүк берүүдөгү сынакты онлайн режимде өткөрүү үчүн видеокөзөмөл кылганга камераларды орнотту. 

Үрөй учурган кырсыктардын алдын алуу үчүн, автомектептердин лицензиясын кайтарып алуу, кайрадан катуу көзөмөлгө алуу демилгеси да көтөрүлүүдө. Ал ортодо Билим берүү жана илим министрлиги айдоочуларды даярдаган 220га жакын мектептерди текшерип, теңинен көбүнө эскертүү берди.

Талдоочулар белгилегендей, айдоочуларды окутуу боюнча жоопкерчиликти жогорулатуу жана айдоочулук күбөлүктү берүүнү катуулатуу боюнча иштер токтоосуз жүрүшү керек. Быйылкы жылдын 10 айында эле өлкөдө 5 миңден ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 700дөй адам мерт кеткен.