Жаңылыктар
Президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылды

Бишкекте "Ала-Тоо" борбордук аянтында "Тарыхта калчу алты жыл" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда Президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгү тууралуу сүрөттөр коюлду. 

Жалпысынан мамлекет башчынын бир гана расмий жолугушуулары эмес, буга чейин кеңири коомчулукка жеткиликтүү болбогон жүздөн ашык сүрөттөрү да чыкты. 

Көргөзмөнүн автору - Кыргыз Республикасынын президентинин фотографы Султан Досалиев белгилегендей, көргөзмөнүн максаты - акыркы жылдары орун алган окуяларды, өлкө кантип өзгөргөнүн жана Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматты аркалаган мезгилде Кыргызстанда болгон орчундуу окуяларды чагылдыруу болду. "Тарыхта калчу алты жыл" аттуу сүрөт көргөзмөсү бир айга созулат.