Жаңылыктар
Пайдасыз мамлекеттик ишканалар жоюлду
Экономика
Пайдасыз мамлекеттик ишканалар жоюлду

Республикада пайда бербеген ишканаларды кыскартуу иштеринин алкагында жыл башынан бери беш мамлекеттик ишкана жоюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун тогуз айдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында белгилүү болду. Жалпысынан жыл башынан бери 37 ишкана кайра түзүлүп, 90 ишкана мамлекеттик мекеме болуп өзгөргөн.

Ошондой эле жыйында бир топ мамлекетке тиешелүү мүлктөр, ар кандай органдар тарабынан мыйзамсыз ижарага берилген фактылар көп катталып, аларга кылмыш иши козголгону дагы белгилүү болду. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"