Жаңылыктар
Өндүрүштү туура жолго салып, өсүштү камсыздап жаткан ишкана
Экономика
Өндүрүштү туура жолго салып, өсүштү камсыздап жаткан ишкана

Буга чейин суткасына 500 тоннага чейин нефть өндүрүп келген Кыргызнефтегаз ачык акционердик коому, жакынкы күндөн тарта 900 тоннага чейин нефть өндүргөнгө камына баштады. Андан сырткары мекеме кошумча жаңы буу казандарды орнотуп, нефтини бургулоочу кошумча насосторду ишке киргизгени жатат. 

Кыргызстандагы негизги өнөр жай ишканаларынын катарын толуктап турган “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жайгашып, мында миңге чукул нефтичи эмгектенип келет.



Буга чейин мекеме суткасына мына бул буу казандардын жардамы менен 550 тоннага чейин гана нефти зат өндүрүп келген. Азыр эми өндүрүмдүүлүктү 850 тоннага жеткиребиз деп турушат. Анткени өндүрүштү жакшыртуу максатында кошумча жаңы буу казанын ишке киргизгени жатат.

Жалпысынан буга чейин буу казандын жоктугунан улам токтоп турган 25 нефть бургулоочу насос ишке кирет. Мунун арты менен өндүрүлгөн нефтинин көлөмү улам көбөйүп, кошумча жумуш орундары да пайда болот.

Мекеме ушул жылдын февраль айынан тартып, май, июнь айына чейин экономикалык оор абалга туш болгон. Нефть соруп чыгарган шаймандар менен Жалал-Абддагы нефтини кайра иштетүүчү завод толук токтоп калган. Ага кардарлардын мазут албай калганы себеп болгон. Мындан улам мазут сактоочу жайлар сырьего толуп, өндүрүш жүрбөй таптакыр токтогон.