Жаңылыктар
Жоголгон кыздар Оштон табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жоголгон кыздар Оштон табылды

Бишкек шаарынан жоголгон эки кыз Оштон табылды. Өспүрүм кыздар 9-ноябрь күнү сабакка кеткен боюнча үйлөрүнө келген эмес. Кыздардын айтымында алар ата-энелеринен уруш жегенден улам Ош шаарына качып кетишкен. Ош шаарынын ички иштер кызматкерлери кыздардын 11-ноябрь күнү  “Нур” мейманканасынан табышкан. Мектеп жашындагы кыздарды дарыгерлер текшерип ден-соолуган  эч кандай залал келтирилген эмес дешкен. 

Адистер акыркы жылдары коомчулуктагы кайдыгерлик мамиле өкүм сүрдү дешет. Жашы курактары жетелек өспүрүмдөрдү ата-эненин көзөмөлсүз Ошко чейин салып барган айдоочу дагы күнөөлү. Учурда кыздар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алып келинип ата-энесинин колуна тапшырылды. Алардын ден-соолугуна эч кандай залал келтирилген эмес. Эки окуучу кыз кандай максатта тууган уругу жок Ош жергесине барып калганы дагы териштирилет дешет Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"