Жаңылыктар
Жол кырсыгын кантип алдын алса болот?
Кырсык
Жол кырсыгын кантип алдын алса болот?

Премьер-министр Сапар Исаков 13-ноябрда, жол коопсуздугу боюнча реформанын планы кандай аткарылып жатканына кызыкты. Анткени планда 103 пункт белгиленип, ал 6 негизги блоктон турат. Ошондой эле жол коопсуздугун сактоого багытталган 148 иш-чара камтылган. Өкмөт башчы процесстерди автоматташтыруу, жаңы кызматкерлерди сынак жолу менен тандоо аракеттерине, "Акылдуу шаар" долбооруна жана маалыматтык иш-чараларга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. 

Коомчулуктун эсине сала кетчү жагдай, өкмөт башчы Сапар Исаков Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын түзүү тууралуу токтомго кол койгон. Бул жол жүрүү эрежелерин туура сактап, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, болтурбоого карата көрүлгөн күчтөтүлгөн чара экенин адистер белгилешет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"