Жаңылыктар
Иранда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 400дөн ашты
Дүйнө
Иранда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 400дөн ашты

Ирак жана Ирандын чек арасында 13-ноябрга караган түнү кубаты 7 баллдан ашкан жер титирөө катталды. АКШнын Геологиялык кызматынын берген маалыматын караганда зилзаланын очогу Ирактын түндүк -чыгышындагы Халабжа шаарынан 32 чакырым түштүк-батышта болгон.

Жер титирөөнүн кесепетинен Ирандын Керманшах провинциясындагы 8 шаары менен 526 айылы кыйроого учурады. Акыркы тактоолор боюнча Иран бийлиги зилзаладан кеминде 400дөн ашык адам өлүп, жарадарлардын саны 7 миңге жакындаганын, бул көрсөткүч дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди. Ал эми коңшу мамлекет Ирактын аймагында онго жакын киши каза болуп, 50дөй адам жаракат алды.


Учурда зилзаладан кыйроо абалына келген имараттардын жанына чатырлар тигилип, жабыр тарткандар жайгаштырылып жатат. Эскерте кетсек, кыйроолорду алып келген зилзала 2003-жылы да болгон. Анда күчү 6,6 баллды түзгөн жер титирөөдөн тарыхый Бам шаары талкаланып, 26 миң адамдын өмүрү кыйылган.