Жаңылыктар
Түштүктө 4 адамдын өмүрүн алган 2 жол кырсыгы катталды
Кырсык
Түштүктө 4 адамдын өмүрүн алган 2 жол кырсыгы катталды

Кечээ, 13-ноябрь күнү кечинде Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там жолунда жол кырсыгы катталган. ВАЗ-2106 унаасын айдап бараткан Алай районунун 45 жаштагы айдоочусу жардан кулап кеткен. 

Алдын ала маалымат боюнча айдоочу серпантинден рулга ээ боло албай калып, унаасы менен кошо жардан ылдый кулаган. Айдоочу ошол эле жерден мүрт кеткен.


Ал эми, Ош-Исфана жолунда 14-ноябрда эртең менен унаа кырсыгынан үч адам каза болду.

 

Анын айтымында, "Хонда-Степвагон" менен "Жигули" сүзүшүп, ошол эле жерден 3 киши мерт кеткен. Каза болгондордун бирөөсү милиция кызматкери экени айтылууда. 

Белгилей кетсек, жол кырсыктары көбөйүп, анын кесепетинен каза болгондор дагы арбын болгондуктан, өткөн жумада Премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, аны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү тууралуу токтомго кол койгон.