Жаңылыктар
КТРК жогорку сапаттагы жаңы көчмө телестанциялуу (ПТС) болду
УТРК жаңылыктары
КТРК жогорку сапаттагы  жаңы көчмө телестанциялуу (ПТС) болду

Бүгүн, Коомдук телерадиоберүү корпорациясында  заманбап, санариптик телеберүүнүн талаптарына толук кандуу жооп бере алган, жаңы көчмө телестанциянын ачылыш аземи болду. 

Эң акыркы үлгүдөгү техника менен жабдылган көчмө телестанция HD 16:9 форматтагы 8 камералуу жана көрүүчүлөргө  өлкөдөгү маданий, саясий жана эл аралык спорттук иш чараларды жеринде сапаттуу алып бере алат. 

Мындай кубаттуу көчмө студия Кыргызстанга биринчи жолу келди.

КТРКнын көчмө студиянын ачылышына катышкан премьер-министр Сапар Исаков жалпы жамааты жаңыланууга болгон кадамдар менен куттуктап, заманбап көчмө станция аркылуу Кыргызстан дүйнө жүзүнө дүңгүрөсүн деген жылуу пикирин билдирди.