Жаңылыктар
Бишкекте кант диабетине арналган акция өттү
Ден соолук
Бишкекте кант диабетине арналган акция өттү

Бишкекте кант диабетинин профилактикасына арналган атайын акция өттү. Жарандар ордо калаадагы Чүй проспектиси жана Эркиндик сейил багынын кесилишиндеги Курманжан Датканын эстелигинин жанына барып, кандагы глюкозанын деңгээлин акысыз текшертишти.

 Өлкө аймагында кант диабети менен ооруган 50 миңден ашуун жаран катталса, алардын 330дан ашууну балдар. Адатта адамдар бул дартка кабылганынан кабары жок жүрө берип, дарыгерлерге кеч кайрылышат. 

Мындан улам оорусу өтүшүп кеткендердин саны арбын.