Жаңылыктар
А.Атамбаев Сокулук районундагы кафель чыгаруучу заводдун иши менен таанышты
Экономика
А.Атамбаев Сокулук районундагы  кафель чыгаруучу заводдун иши менен таанышты

 Президент Алмазбек Атамбаев Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында жайгашкан кафель чыгаруучу заводдун иши менен таанышты. Анда өлкө башчы өндүрүштүн жүрүшүнө күбө болуп, даяр продукцияларды көрдү.

 Ишкана бир сутканын ичинде 20 миң чарчы метр кафель өндүрөт. Заводдо учурда бир өндүрүш казаны иштеп жатат, экинчи казан ишке киргенде кафель чыгаруу эки эсеге жогоруламакчы. Ишканага алгач 50 млн доллар инвестиция салуу пландалган, бирок заводдун курулуш иштерине 30 млн доллар гана сарпталды. 

Заводдун директору өлкө башчысына өндүрүш процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип, келечекте ишканада 400 адамга жумуш оруну түзүлүп, анын 90 пайызы жергиликтүү тургундар болорун белгиледи.

 Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев ишкана жетекчилерине ыраазычылык билдирип, мамлекет өндүрүштү кеңейтүү боюнча алдыга пландалган бардык иш аракеттерге колдоо көрсөтөрүн белгиледи.