Жаңылыктар
Өлкөнүн өсүшүнө кошкон салымдары үчүн бир катар инсандар сыйланат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн өсүшүнө кошкон салымдары үчүн бир катар инсандар сыйланат

Өлкөнүн экономикасын чыңдоого жана аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө салым кошуп, эмгеги сиңген бир катар инсандар сыйланат. 

Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Анда баш калаанын башчысынан тартып ишинде үлгү көрсөткөн катардагы кызматкерге чейин сыйлык берүү каралды.


Айыл чарба тармагынын 20дан ашык өкүлдөрү да салтанаттуу аземди күтүп жатышат. Аларга 3-даражадагы “Манас” жана “Даңк” ордендеринен тартып “айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамдары ыйгарылат. Көпчүлүгү фермердик чарбалардын жетекчилери. Өлкөдөн сырткары экспорттолуп жаткан товарлардын көпчүлүгүн айыл чарба продукциялары түзүүдө. Соңку жылдардагы агро-өнөр жайда болуп жаткан жагымдуу бурулуштарга сыйлык ала тургандардын өзгөчө салымы бар.

Мамлекеттик сыйлыктарды ала тургандардын катарында жергиликтүү бийликтер менен ар тармактардын жетекчилери да бар. 

Маселен, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине “Даңк” ордени ыйгарылса, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” Ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасына “Даңк” медалы берилет. 

Сыйлык тапшыруу аземи 16-ноябрь күнү өтөөрү күтүлүүдө.