Жаңылыктар
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Макао курамасын 4:3 эсебинде утуп алды
Спорт
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Макао курамасын 4:3 эсебинде утуп алды

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Макаонун командасын 4:3 эсебинде утуп алды. Беттеш Азия кубогу - 2019 оюндарынын алкагында өтүп, мелдеш Makau Olimpic Stadium стадионунда өттү.

Биринчи таймда кыргызстандык оюнчулар пенальти тээп эсепти ачкан. Экинчи таймда эсеп 3:0 болуп, Землянухин кыргызстандыктарды алдыга алып чыккан. Оюндун жүрүшүндө макаолуктар эки гол киргизишти. 

Антон Землянухин кайтадан атаандаштардын дарбазасына гол киргизди, бирок бир нече саамдан кийин макаолуктар дагы бир жол киргизип, эсеп 4:3 эсебинде, кыргызстандык команданын утушу менен аяктаган. 

Ошону менен Кыргызстандын курама командасында Азия кубогу - 2019 оюндарынын финалына чыгууга мүмкүнчүлүк ачылды. Ал жакка ар бир тайпадагы эң мыкты эки команда чыгат.