Жаңылыктар
Улуттук банк 2000 сомдук банкнотторду колдонууга чыгарат
Экономика
Улуттук банк 2000 сомдук банкнотторду колдонууга чыгарат

Улуттук банк 2000 сомдук банкнотторду чыгарат. Бул 2000 сомдук жаңы купюра.17-ноябрдан тарта колдонууга берилет. Жаңы акча Кыргызстандын эгемендигинин жана улуттук валютанын 25 жылдык мааракесине арналып чыгарылган.  

Анын дизайны боюнча маселе көпкө талкууланып, тигинен жасоо чечими кабыл алынды. Себеби башка акча менен чаташпашы керек. 

Аны бир учурда эле нумизматикалык жана катардагы акча катары колдонууга болот. Банкнотто мамлекеттин түптөлүшү чагылдырылган. Негизги сюжет катары Манастын эстелиги менен эпостон алынган цитаталар колдонулган. 

Акчанын башкы бетинде Умай эне белгиси бар. Андан сырткары, башка коргоочу элементтер камтылган. Купюраны жантайыңкы кылып караганда 25 деген сан улуттук оймо-чиймеге айланып өзгөрөт. 

Жаңы акча өлкө тарыхындагы эң биринчи эстелик банкнот болуп, мындан ары кайта басылбайт.