Жаңылыктар
А.Атамбаев: "Улуттук стратегия менен туруктуулукту камсыздай алдык"
Саясат
А.Атамбаев: "Улуттук стратегия менен туруктуулукту камсыздай алдык"

Сооронбай Жээнбеков алты жылдан кийин бийликти ушундай тынчтык жолу менен өткөрүп берет деген ойдомун. Мындай пикирин Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алтынчы жыйынында билдирди.


Ушул эле отурумда өлкө башчы 2017-жылга чейинки пландалган стратегия өзүн толугу менен актаганын белгиледи. Бирок, “анын айрым пункттарын аткарууга жетишүү мүмкүн эмес экенин алдын ала билгенбиз” деп кошумчалады президент. “Бирок бул стратегия менен туруктуулукту камсыздай алдык. 2016-жылда өткөн референдум - парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча чоң кадам болду” деген Атамбаев шайлоолор таза өтүп калганын, митингдер токтогонун белгиледи.

2018-2040-жылдарга карата улуттук стратегияны ишке ашыруу саясий жол улоочулукту жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылат. Мындай пикирин Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин VI жыйынында жаңы шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. 


Анын айтымында, стратегияны кеңири форматта талкуулоо аны жаңы идеялар жана сунуштар менен толуктайт. "Мен ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин улуттук кеңештин макамын бекемдөө тууралуу сунушун колдойм. Ал улуттук масштабдагы диалогдук аянтчага айланышы зарыл," - деди Сооронбай Жээнбеков.