Жаңылыктар
Боом капчыгайы убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Боом капчыгайы убактылуу жабылат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. 14-марттан 18-мартка чейин жолдун Боом капчыгайындагы 108-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. 

Бул иштер унаалардын жана темир жол каттамына олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн. Буга байланыштуу 4 күн аралыгында эртең мененки 9дан түшкү 15ке чейин бул багыт боюнча кыймыл жол кайгуул кызматы тарабынан маал-маалы менен жабылып турат. Жолдо 30-40 унаа топтолгон маалда таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар коё берилип турат.