Баласын тыңдап бага албай, турмушка таарынычын айткан ата-энелерге Вадим Яшин менен Татьяна Аслаповская үлгү болчудай. Алар өздөрүнүн 5 баласын тарбиялагандан тышкары, кошумча дагы 128 балага ата-энелик мээримин төгүп, уядан учурган. Бүгүнкү күндө жубайлардын карамагында 22 уул-кызы бар.
Жубайлар алгач 90-жылы кароосуз калган жетим бардарга жардам көрсөтүп, 2000-жылы 60 балага ылайыкталган алгачкы үйүн Бишкекте ачкан. Кийинчерээк Чүй облусунун Сосновка айылына көчүп барган. Вадим Яшин менен жубайы Татьяна Аслаповскаянын ортосунда 5 баласы бар. Өздөрүнүн перзенттеринен сырткары 17 жыл аралыгында 128 баланы асырап, чоң турмушка узатышкан.
Уядан учкан алгачкы балдарынын көпчүлүгү үйлөнүп, өз турмушун улантып кеткен. Каармандын айтымында тарбиялаган уул кыздарынын бири да ажырашкан эмес. Эскерте кетсек жубайлар эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга шарт түзүүдө.