15-ноябрь - таштандыны кайра иштетүүнүн Дүйнөлүк күнү. Абанын булгануусуна жол бербөө жана айлана-чөйрөнү таза сактоо максатында өнүккөн мамлекеттер таштандыны кайра иштетип, колдонуудан чыккан чийки затка экинчи өмүр берип келишет. Кыргызстанда мындай аракет массалык түрдө колдонулбайт, бирок акыр-чикирди аздап кайрадан иштеткендер бар.
Жылына Кыргызстан чыгарган тиричилик калдыктарынын көлөмү 7 миллион тоннага жакын.
Кооптуу эмес калдыктарды кайра иштетүү жолго коюлса, экология гана тазарбастан, экономикага да чоң пайда болмок дешет адистер.