Жаңылыктар
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын музыкалык фестивалы өттү
Маданият
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын музыкалык фестивалы өттү

"Чексиз чыгармачылык". Мына ушундай аталышта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын VII музыкалык фестивалы Лейлек районунда өттү. Ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаран катышты. Жеңүүчүлөр 4 номинация боюнча сыйланды.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын музыкалык фестивалы жетинчи ирет өтүп жатат. Иш-чара өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан 6 жыл мурда уюштурулган. Максат, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында таланттууларын аныктоо, аларга дем берген позитивдүү чөйрөнү түзүү болду.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өз ара коомго аралашууга дайыма аракеттенип келишет. Музыкалык фестиваль да буга өбөлгө болду. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулардын баары куру кол калбай сыйланышты. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын музыкалык фестивалынын жаңы айлампасы келерки жылы Жалал-Абад облусунан башталат.