Жаңылыктар
Кыргыз элинин тунгуч опера ырчысы Сайра Кийизбаева эскерилди
Маданият
Кыргыз элинин тунгуч опера ырчысы Сайра Кийизбаева эскерилди

Борбор калаада кыргыздын тунгуч опера ырчысы Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында болду. 

Кечеде дүйнөлүк жана улуттук классика чыгармалары аткарылып, анын жашаган маңыздуу өмүрүндө кылган эмгектери жана алган наамдары келген конокторго көрсөтүлдү. 

Ошондой эле, архивде түбөлүктүү сакталып калган анын жандуу аткаруусундагы видеотасмалар иш-чаранын көркүн ачты.

Эскерте кетсек, СССРдин эл артисти, профессор, кыргыздын туңгуч профессионал опера ырчысы Сайра Кийизбаева 1917-жылы Бишкекте туулган. Ал 1988-жылы 71 жашында дүйнө салган.