Жаңылыктар
Соц тармактарда троллейбустар гана катталсын деген петиция таркалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Соц тармактарда троллейбустар гана катталсын деген петиция таркалууда

"Facebook" социалдык тармагына Бишкек шаарынын жолдорунан автобустар менен кичи автобустар алынып, жүргүнчүлөрдү ташыганга троллейбустар гана каттасын деген петиция тарап жатат. 

Петиция интернет колдонуучу Александр Мельников тарабынан "change.org" сайтына жарыяланган. Анда троллейбустан иштетилген зыяндуу газ чыкпай турганы жана жарандар үчүн ыңгайлуулугу артыкчылык катары белгиленген. 

Петиция Бишкек мэрине, жаңы шайланган президентке, чиновниктерге жана Транспорт министрлигине багытталган. Петиция социалдык тармактардан 1500 кол топтошу керек. Учурда 1200 добуш алды.