Жаңылыктар
Кургак учук менен ооругандар үчүн жаңы оорукана курулууда
Ден соолук
 Кургак учук менен ооругандар үчүн жаңы оорукана курулууда

Ушул жылдын декабрь айынан баштап, Бишкекте кургак учук менен ооругандар үчүн жаңы оорукана курула баштайт. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда курулуш иштерине даярдык жүрүүдө. 

Маалыматтарга караганда, азыр иштеп жаткан Бишкектин Элебесов көчөсүндөгү кургак учук менен ооругандардын бейтапканасы бузулуп, ордуна жаңысы курулмай болду. Оорукана 120 орундуу болот. Анын ичинен 50сү - кургак учуктун дарыга туруктуу формасы менен ооругандар үчүн болмой болду. Эл аралык стандартка жооп берген оорукана болот, -дейт министрликтен.