Жаңылыктар
Ош: этно-фестивалга даярдык
Маданият
Ош: этно-фестивалга даярдык

Ош шаарында апрель-май айларында кыргыз маданиятынын этно-фестивалы өтөт. Шаардын бир нече жеринде түрлүү иш-чаралар уюштурулат. Анда театралдаштырылган көрсөтүүлөр, этно стилде тигилген кийимдердин жарманкеси, кыргызстан элдеринин каада-салттары көрсөтүлөт. 

Фестивалда, ошондой эле, өлкөнүн булуң-бурчунан барган чыгармачыл эмгек жамааттар жана ансамблдер катышат. Этно-майрамдын уюштуруучусу - тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция болууда. Уюштуруу комитети маалымдагандай, бул иш-чараны Ошто өткөрүп алган соң, аны кайра Бишкекте уюштуруу жагы пландалууда.