Жаңылыктар
Республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталды
Кырсык
Республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталды

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. 

Аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлдү, деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы. Бишкекте – 3, Ош жана Жалал-Абад облустарында бирден, Ысык-Көлдө - 2 өрт кырсыгы катталган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен улам денесинен жаракат алган адамдар болгон жок.