Жаңылыктар
Билимге умтулган боордоштор
Кыргызстан жаңылыктары
Билимге умтулган боордоштор

Памирден келген кыргыздар орус жана англис тилдерин, компьютерде иштөөнү үйрөнө баштады. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, учурда алар “Алиппени” жакшы өздөштүрүп калышты. 

Каалоочулар үчүн орус жана англис тилдери боюнча атайын ийримдер уюштурулган. 

Эскерте кетсек, Памирден 33 этникалык кыргыз билим алуу максатында ушул жылдын октябрь айында Кыргызстанга келген. Алар Нарын облусунун Куланак айылына жайгаштырылган.