Жаңылыктар
Кыргызстанда 4,5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Кыргызстанда 4,5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды

16-ноябрда эртең мененки саат 07:42 чамасында республика аймагында эпицентринде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. 

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан 43 чакырым түштүк-чыгышында, Кажы-Сай шаарчасынан 36 чакырым түштүк-чыгыш тарабында болду. 

Жер титирөөнүн күчү Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасында жана Бөкөнбаев айылында, Жети-Өгүз районунун Барскоон, Тосор жана Тамга айылдарында – 3 баллга жеткен. 

Жабыркагандар менен кыйроолор катталган жок.